Бишкекте айдоочу балдары менен бараткан энесин сүзүп, качып кетти (Видео)

Автор -

Бишкекте жеңил унаа балдары менен бараткан энесин сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Жол кырсыгынан 6 жашар кыз каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат болжол менен 18:45те Профессор Зима көчөсү менен түндүк тарапка бараткан унаа Архитектура көчөсүнө бурулуп жатып 3 жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Айдоочу кырсык болгондон кийин качып кеткен.

Кырсыктан кийин 41 жаштагы С.Г., жана 3 жаштагы С.У., аттуу жарандарды тез жардам кызматы ооруканага жеткирген. Ал эми, 6 жаштагы Б.Б., аттуу жаран алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштеринен кийин «Даймлер-Бенц-230» үлгүсүндөгү унаа «Тополек» кафеге жакын жерден табылган. Унаанын ээси 18 жаштагы З.А., аттуу жаран экени аныкталып, кармалган.

Чогултулган материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү