Кыргызстандын качан эгемендүүлүк алганын билбеген эстрада жылдыздары (Видео)

Автор -
1088

Кыргызстандын эстрада жылдыздары өлкөбүздүн эгемендүүлүк алганына канча жыл болгонун билбей уят болушту.

Журналист Азирет Осмоновдун «Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына канча жыл болду?» деген суроосуно ырчы Анжелика «Мен даяр эмесмин» деп жооп кылса, Малика Дина «Мага мындай суроо бербегиле, мен билбейм» деп жооп кылган.

Эӊ кызыгы эки ырчы теӊ Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамда ырдоо үчүн чакырылган.

Ырчылардын арасынан бир гана Асель Кадырбекова «биз экөөбүз теӊбиз, 28 жыл толду»  деп жооп бере алды.