Өзүнүн үлпөт тоюнда ырдаган келиндин видеосу аны депрессияга чейин жеткирген- интервью

Автор -
358

Социалдык тармактарга өзүнүн үлпөт тоюнда ырдаган келиндин видеосу тарап, айрым колдонуучулар тарабынан талкууга алынган. Ошол кыздан turmush.kg интервью алган.

Видеодон эс алып жүргөн жаштарды жана турмушка чыгып жаткан келин комуз, аккордеондун коштоосунда ырдап жатканын көрүүгө болот.

Ырдап жаткан Гүлайым Тариел кызы Ат-Башы районунун 26 жаштагы тургуну. Ал той 14-июнда өтүп, бирок видео 2 күн мурда социалдык тармактарга тарап кеткенин билдирди.

«Өзүм М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, андан соң жолдошум экөөбүз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуганбыз. Жолдошум Нурсултан Кадыралиев фольклор бөлүмүндө, мен театр бөлүмүндө окугам. Быйыл окууну бүтүп, үйлөнүп, учурда ошол эле окуу жайда иштеп жатабыз.

Үйлөнүү тойдо чыгармачыл досторубуз көп болгондуктан шаңдуу өткөн. Тойду кызытуу максатында жолдошум экөөбүз комуздун коштоосунда айтыш түрүндө ырдаганбыз. Өзүм театр бөлүмүндө окугандыктан бийдеги кыймыл-аракетим ашыкча болуп кеткен окшойт. Эмнегедир жолдошумдун ырдаганын кесип салышып, менин ырдаганымды жарыялашкан. Ал жерде кайын журтумдун да туугандары, жеңелер баары туура эле кабыл алышкан. Азыр эч кандай сын айтышкан жок, баары “азаматсың” деп жатышат. Бирок өзүм пикирлерди окуп, депрессияга кабылып кала жаздадым. Жолдошум “эч нерсе эмес, унутулуп калат” деп сооротууда»

дейт Гүлайым.
Бөлүшүү