Аба ырайы: 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Автор -

10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү