ЖК комитети Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду

Автор -

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобековага шилтеме берип «Спутник» билдирди.

Исаковдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштап, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберген. Өкмөт башчынын сунушу бүгүн тармактык комитеттин жыйынында каралып колдоо тапты. Исаковду депутаттарга вице-премьер Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

Бөлүшүү