Тажикстанда жашы жете элек 2,5 миң кыз никеге турган

Автор -
267

Былтыр Тажикстан соттору 2,5 миң жашы жете элек кыздын никеге турушуна уруксат берген.

Ага ылайык, күн сайын орто эсеп менен жашы 18ге толо элек 6-7 кыз күйөөгө чыгат. Бул тууралуу Омбудсмен кеңсеси Тажикстандын Жогорку сотунун статистикасына таянуу менен билдирди.

Тажикстан мыйзамдары боюнча жарандарга 18 жаштан кийин үй-бүлө курууга уруксат берилет. Бирок айрым учурларда, маселен, кыз эрте кош бойлуу болуп калса, ата-энеси катуу ооруп жатса, соттун чечими менен 17 жаштан никеге турууга болот.

Душанбе шаарынын жашоочусу Зебо 16 жашында турмуш курган. Анын курбулары 10-класста окуп жатканда Зебо көз жарайын деп калган.

“Үй жумуштарын жасап жетишип жаттым, бирок эне болуу жана үй-бүлө куруу үчүн өтө жаш элем”
деди ал.

Тажикстанда 2010-жылы Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, кыздар үчүн нике курагы 17ден 18 жашка жогорулаган. Бирок кыздарын мажбурлап эрте турмушка берүү – тажик коомунун негизги көйгөйлөрүнүн бири.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, былтыр мыйзамсыз түрдө жашы жете элек кыздар менен никеге турган 29 учур катталган.

Бөлүшүү