Эмдөө тууралуу 10 миф — ата-энелерге пайдалуу кеӊеш

Автор -
538

1-Миф: Вакцинациянын курамында сымап жана алюминий бар

Чындык: Вакцина — бул микрооргазмдерден же алардын тиричилигинен калган продуктарды камтыган препарат. Ал адамдын организмине киргизилгенде, бир канча убакыттан кийин белгилүү бир ооруга иммунитет пайда болот. Айрым илдеттерди алдын алуу үчүн жандуу вакцина керек болсо, башкаларына — инактивдүү, б.а. өлүк вакцина зарыл. Кээде — анатоксин деп аталган алсыздандырылган микробдук ууну киргизүү жетиштүү болот. Мындай зат ууланууга алып келбейт, бирок иммундук система аны таанып билип, эффективдүү күрөшүүгө үйрөнөт.

2-Миф: Европа текшериле элек дары-дармектерди Кыргызстанга гуманитардык жардам катары жөнөтүп, бизге тест жасашат

Чындык: АКДС, ВГВ, ХИБ, КК, КПК, АДС, АДС-М, БЦЖ, ОПВ вакциналары Копенгагендеги ЮНИСЕФтин камсыздоо бөлүмү тарабынан эл аралык тендер аркылуу сатылып алынат. Тендерге Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун квалификациясынан өткөн препараттар гана катышат.

Кыргызстанга вакциналар алып келингенден кийин дарылык каражаттардын, анын ичинде вакциналардын да шайкештигине баа берүүнү, КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу дары-дармек жана медицина техникасы менен камсыздоо департаменти ишке ашырат. Вакциналардын мамлекеттик каттоого алынуусу КР «Дарылык каражаттары тууралуу» Мыйзамына жана «Дарылык каражаттарды медициналык колдонуудагы коопсуздугу тууралуу» Техникалык регламентине ылайык жүргүзүлөт.

3-Миф: Көпчүлүк оорулар эбак эле жок болгон, ошондуктан эч кандай коркунуч жаратпайт, демек эмдөөнүн зарылчылыгы жок

Чындык: Биз массалык түрдө эмделип жаткандыгыбыз үчүн корголгонбуз. Көп адамдарды вакцинациядан өткөрүү инфекциялардын алдын алуу үчүн керек. Тажрыйба көрсөткөндөй, дифтерия, полиомиелит жана кызылча оорулары адамдар эмдөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу кайрадан жанданган.

4-Миф: Эмдөө адамдын өмүрүнө коркунуч жаратуучу терс реакцияларга алып келет

Чындык: Инфекциялардын татаалдашып кетиши, вакцинадан кийинки терс реакцияларга салыштырмалуу кыйла оор. Мисалы, полиомиелит адамдын шал болуп кыймылдабай калышына, кызылча оорусу энцефалитти козгойт, көздүн көрбөй калышына алып келет. Вакцинанын жардамы менен башкарууга мүмкүн болгон ооруларга каршы эмдөө албаса өлүмгө да себепкер болушу мүмкүн. Вакцинациянын артыкчылыгы аны жасабай койгондогу тобокелчиликтерге салыштырмалуу бир топ жогору. Ансыз кооптуу инфекциялар тез эле кайтып келет.

5-Миф: АКДСтен кийин татаалдашып кетүү көп болот

Чындык: Эмдөөдөн кийин терс реакциялар күтүлгөн оор эмес реакциялар, оор реакциялар жана татаалдашып кетиши, деп бөлүнөт. Дене табынын көтөрүлүшү күтүлгөн реакция, демек иммунитет вакцинанын киргизилишине реакция берип жатат. Адатта температураны басуучу каражаттар менен көйгөй чечилет. Татаалдашып кетүү бул — адаттан тышкары, нормалдуу эмес реакция. Татаалдашып кетүү кадимки терс реакцияларга салыштырмалуу чанда кездешет. Эгер белгилүү бир вакцинага татаалдашу көп болсо, анда вакцинанын бул партиясы колдонуудан алынат, жана  сапатын текшерүү үчүн кайрадан изилдөөгө жөнөтүлөт.

6-Миф: В гепатитине каршы жасалган эмдөө боорго таасир этет, ошондуктан жаңы төрөлгөн ымыркайларда сарык (желтуха) болушу мүмкүн

Чындык: Вирустук гепатитке каршы вакцинация чындап эле «боорго таасир этет». Вирустук гепатит А жана Вден келип чыккан оорулардан, жана оорунун татаалдашып кетишинен боорду коргойт. Гепатит Вге каршы эмдөө —  боорду рак илдетинен коргоо, себеби вирус боордун циррозу жана боордун рагына алып келиши мүмкүн. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде, ымыркайларды гепатит Вге каршы эмдөө сарыктын өрчүшүнө эч кандай таасирин тийгизбейт, тескерисинче, азайта тургандыгы белгилүү болгон.  Ошондой эле бул ооруга каршы вакциналардын бардыгы вирус эмес, антигендин бөлүкчөлөрүн камтыйт. Алар иммунитеттин калыптануусу үчүн гана керек, ошондуктан теоретикалык жактан алганда да боордогу инфекциянын өрчүшүнө алып келбейт.

7-Миф: Вакциналар аутизм оорусуна себепкер болот

Чындык: Адаттагыдай эле вакциналардын чуусу көп, бирок эч ким эмне үчүн экенин изилдебейт. Бул имиштердин башаты англиялык доктур Уэйкфилд жарыялаган макаладан келип чыгат. Ал анын көзөмөлүндөгү 170 баладагы аутизм оорусуна кызылча-паротит-кызамык айкалыштырылган эмдөө, өзгөчө анын кызылча компонентти себепкер деген жыйынтыкка келген.

Британиялык окумуштуулардын бир нече тобу Уэйкфилддин корутундусун жокко чыгарып, Улуу Британиянын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Уэйкфилддин илимий эмгегин, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүу ыкмасы бузулгандыктан илимге ылайык эмес, деп тапкан. Улуу Британиянын Генералдык медициналык кеңеши медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүү, укугунан ажыраткан.

Көптөгөн илимий изилдөөлөр аутизм менен вакцинациянын байланышын табышкан эмес.

Кызыгы, азыркыга чейин кээ бир ата-энелер аудтизмдин өнүгүшүн вакцинацияга байланыштырышат. Бирок бул байланыш жок экени эчак эле далилденген. Ошол эле учурда, заманбап изилдөөлөр, аутикалык спектрдеги өзгөрүүлөр, кокустук генетикалык аномалиялардан улам, түйүлдүк калыптанып жаткан кезде эле өбөлгө түзүлө турганын көрсөтүп жатышат.

Бирок миф өз ишин кылды. Паникага алдырган ата-энелердин арасында эмдөөдөн баш тартуулар көбөйүп, мурда кызылча оорусу жок деп саналган мамлекеттерде кайрадан оору жанданган.

8-Миф: Бир жашка чыга элек балдарга өтө көп  вакцина берилет, бул алардын иммундук системасына жүк келтирет

Чындык: Андай эмес. Бир эле учурда бир нече вакцина киргизүү баланын иммунитетине күч келтирбей турганы илимий негизде далилденген. Күнүмдүк жашоодо баланын тиричилигинде иммундук системасы жүздөгөн бөтөн заттардын таасирине дуушар болот, анын ар бирине организм реакция берет.

Кадимки тамактануусу организмге жаңы антигендерди алып кирет, көптөгөн бактериялар териде, ооз жана мурун көңдөйлөрүндө жашайт. Бала вакцина киргизгендегиге караганда, суук тийгенде же ангинасы кармаганда көбүрөөк антигендердин таасирине кабылат.  Бир нече вакцинанын же болбосо көп компонентүү вакцинаны киргизүүнүн негизги артыкчылыгы — азыраак ийне саюу жана бейтапканага азыраак баруу

9-Миф: Андан көрө бала ооруп, бул ооруга иммунитети пайда болсун 

Чындык: Өтө кооптуу жаңылыштык. А сиз билчү белеңиз көптөгөн оорулардан кийин иммунитет алсырап калат? Ооруп бүткөндөрдү кадимке графикке түшүрүп, кайрадан ревакцинациядан өткөрүү зарыл. Адам дифтерия, пневмокок, менингокок же ХИБ инфекцияларына кабылган болсо деле. Андан тышкары кандай болбосун нак инфекция оор өтөт, жана оорунун өтүшүп кетишине алып келет.

Вакцина иммундук система менен карым-катнашта болуп, иммундук жооп кайтаруунун иштелип чыгышына жардам берет. Вакцина адамды оорутпай.

10-Миф: Вакцина ден соолукка кооптуу консерванттарды камтыйт

Чындык: Заманбап вакциналардын компоненттери, анын катарында консерванттар да көп жылдан бери колдонулат жана коопсуздугу изилденген. Вакциналардын стерилдүүлүгүн сактоо үчүн кошулуучу консерванттар, дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат. Вакциналарга кошулган өлчөмдөгү консерванттар ден соолукка эч кандай таасирин тийгизбейт. Бир катар вакциналарды сактоо үчүн консерванттар колдонулбайт, ошондуктан ансыз өндүрүлөт. Ошону менен вакцинациянын тегерегиндеги мифтер кооптуу жаңылыштыктарга жана эмдөөдөн баш тартууларга алып келет. Мындай мифтерди чындык катары кабыл алган адамдар өзүнүн жана балдарынын ден соолугуна кайра оңдогус зыян келтирип жатышат.

Маалымат privivka.kg сайтынан алынды.