Түлеевдин батирлерин сатууга шектелген жаран кармалды

Автор -

Бишкектин мэриясына таандык батирлерди алдамчылык жолу менен сатып жибергени кабарланган муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда жашырынып жүргөн шектүү Тажикстан чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгып, Түркияга кетүүгө камынып жаткан. 7-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен милиция кызматкерлери аны Лейлектен, чек арадан өтүүгө аракет жасаган учурунда колго түшүргөн.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөөчүлөр ал жасады деген кылмышта башка кишилердин катыштыгы бар-жогун дагы териштирүүгө киришти.

Бөлүшүү