Жалдагы мушташка шектүүлөр № 1 тергөө абагына киргизилди

Автор -

Бишкектеги Жал кичирайонундагы мушташтын шектүүлөрүн № 1 тергөө абагына киргизишти. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» супер маркетинин жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалган. Анын бири комадан чыкты, экинчисине операция жасалды. Кийин шектүүлөр издөөгө алынып, алар милицияга өздөрү келишкен. Шектүүлөрдү кое берип жиберген кызматкерлерге кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү