Кыргызстандын мамлекеттик карызы азайды

Автор -

Ушул жылдын жети айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 453,99 млн. долларды (310 млрд. 667,54 млн. сомду) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык,  анын ичинен 3 млрд. 767,49 млн. доллары мамлекеттик тышкы карыз болсо, 686,50 миллиону ички карызга кирет. Буга чейинки маалыматтарга салыштырып караганда, жыл башынан бери мамлекеттик карыздын өлчөмү дээрлик 28 млн. долларга азайган.

Ал эми сегиз айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 16,2 млрд. сом жумшалган. Анын 8 млрд. сомдон ашууну тышкы карызды жабууга сарпталды.

Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын тышкы карызы боюнча жумушчу топ түзгөн. Анда быйыл октябрда мамлекеттин карызы боюнча парламенттик талкуу өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Бөлүшүү