Президенттин агасы Болгария менен Румынияга элчи болду

Автор -

Кыргыз Республикасынын Украина Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шарипов Жусупбек Шарипович Болгария менен Румынияга элчи болуп дайындалды. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырды.

Жусупбек Шарипов  Молдова өлкөсүндө дагы элчи кызматын аркалап келет.  Жусупбек Шарипов Президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы. Бир нече өлкөгө элчи болгон Жусупбек Шариповго кошумча кызмат жүктөлдү.

Булак: elgezit.kg.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү