Шашылыш билдирүү: үшүк жүрүшү күтүлөт

Автор -

11-12-сентябрь күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо абанын температурасы -2 градуска түшөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү