Кытай-кыргыз чек арасы 3 күнгө жабылат

Автор -

Кытай 13-сентябрдан 16-сентябрга чейин Кыргызстан менен чек арасын жабат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, убактылуу чектөөлөр Кытай тараптын демилгеси менен «Ай майрамын» майрамдоого байланыштуу киргизилди.

«Адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде чектелет жана 16-сентябрда калыбына келтирилет»
деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү