Аба ырайы: Абанын температурасы  0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт

Автор -

17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлерде абанын температурасы  0…-2° болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн: 8….13… күндүз: 17…..22°C;

Талас облусунда түнкүсүн: 4….9….күндүз: 17…..19°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 11…..13….күндүз: 22……24°C;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 13……18°C;

Нарын облусунда түнкүсүн: 2….7…..күндүз: 13….18°C;

17-сентябрда Бишкекте күндүз жана түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 17……22°C, түнкүсүн 11..… 13°C.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору  октябрь айына карата аба ырайы тууралуу маалымат тараткан.

https://saat.kg/2019/09/16/oktyabr-ajynda-kandaj-aba-yrajy-k-t-l-t-sinoptikterdin-zhoobu/