Баткендин Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан улам жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, жабыркаган жарандардын саны 14 кишиге жеткен.
Алар:
-1978 жылы туулган Ж.Б., Моюнунан жаракат алган, абалы туруктуу.
-Жаш бала, О. 12-жашта. Оң колу жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор, катуу коркуп калгандыктан аты фамилиясын айта албайт.
-1976 жылы туулган Р.К., Сол бутуна ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.
-1973 жылы туулган У.Р., Оң бутунан жана сол согончогунан жаракат алган. Абалы орто оор, туруктуу.
-1973 жылы туулган Э.Р., Курсагына ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.
-1978 жылы туулган А.З., Сол акырегинен октон жаракат алган . Абалы орто оор, туруктуу.
-1998-жылы туулган Т. у Г., аскер кызматкери. Оң бутунан ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу.
-1997-жылы туулган М. О., Оң көкүрөгүнө ок тийип, жаракат алган. Абалы орточо оор.
-1980-жылы туулган С. Ж., аскер кызматкери. Санынан жаракат алган. Абалы орточо оор.
-1989-жылы туулган Т. М., аскер кызматкери. Ийиндин үчтөн бир бөлүгү жаракат алган. Абалы орточо оор.
-1992-жылы туулган К. К., аскер кызматкери. Абалы өтө оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө.
-1995-жылы туулган А. У., г.р., аскер кызматкери. Абалы өтө оор. Учурда жандардыруу бөлүмүндө.
-1989-жылы туулган Т.у Э., аскер кызматкери. Абалы оор.
-1978-жылы туулган М. Р., аскер кызматкери. Каза болду.