Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттардын тобу Баткен областына сапар алууда

Автор -

Кечээ, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Баткен областынын Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча чукул кеңешме өткөрдү.

Анын жыйынтыгында Төраганын тапшырмасы менен вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган депутаттардын тобу чукул арада Баткен областына иш сапарына жөнөп кетмей болду. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери курман болду. Саат 21:30га карата ок атышуу токтогон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү