Бишкектеги Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү 10-октябрга чейин жабылат

Автор -

Бишкектеги Абдымомунов көчөсүнүн Исановдон тарта Тоголок Молдого чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта жылуулук, суу жана канализация түтүктөрү коюлмакчы. Иштер аяктагандан кийин жолдун асфальтталган бөлүгү кайра калыбына келтирилет.

Оӊдоо иштери 10-октябрга чейин уланат.

Бөлүшүү