Мадумаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөргөн пресс-конференциясында жаңжал чыкты (Видео)

Автор -

Бүгүн, 18-сентябрда саясатчы Адахан Мадумаров Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат жыйын берди. Бул тууралуу «super.kg» агенттиги жазып чыкты.

Анын жүрүшүндө айрым журналисттер менен Мадумаровдун тарапташтарынын ортосунда чыр чыкты. Буга журналисттер тарабынан берилген суроолорго саясатчынын жообу себеп болуп жатты.

Мадумаров өз кезегинде журналисттерди сабатсыз деп атады. Ал эми журналисттер маалымат жыйын өткөрүп жаткан соң, бардык суроолорго так жооп берүүгө милдеттүүсүз деген талаптарын айтышты. Некст.Тв каналынын журналисти Жоодар Бузумов Мадумаровдун жообу улутту тукурууга алып келет, дипломатиялык жол менен чечүү керек болчу деген оюн айтты. Эмоциялык абал күчөп жатканда, Мадумаровдун тарапташтары журналистти сыртка түртүп чыгарышты. Мадумаров аны атайын провокация кылуу үчүн даярдыкта келген деп атаса, Бузумов болгону суроолорго жооп алуу үчүн келгенин айтты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү