Чет өлкөлөрдө канча кыргыз жараны кылмыш мөөнөтүн өтөп жатканы маалым болду

Автор -
309

Жогорку Кеӊеште Акыйкатчынын 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасы угулуп жатканда, депутат Нурбек Тотонов эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чараларын күчөтүү, айрыкча чет өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө жаткан жарандарга юридикалык жардам берүү зарылдыгына токтолду.

«Менимче, Акыйкатчы чет өлкөлөрдө, өзгөчө кыргыз жарандары көп жүргөн Россияда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачуу зарыл. Албетте, каржылык жактан кыйынчылыктар бар, бирок бекер иштеп берейин деген жарандарыбыз деле жок эмес. Азырынча ошондой мигранттарды ишке тартыш керек»
деди депутат.

Акыйкатчы Токон Мамытов ушу тапта Россиянын аймагында 710 миӊ кыргы жараны иштеп жана жашап жатканын, өзү дагы буга чейин 3-4 жолур барып, тийиштүү органдардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин эске салып, чет өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрдү ачуу ниети бар экенин, кошумча шататтарды кармоо үчүн каражат республикалык бюджет аркылуу чечиле турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Россияда 1293, Казакстанда 241, Өзбекстанда 64 кыргыз жараны кылмыш мөөнөтүн өтөп жатат. Алар негизинен маӊзат жүрүтүү, зордук-зомбулук, алдамчылык беренелери боюнча соттолгондор болуп саналат.

Бөлүшүү