Ат-Башы районунда 20 күн мурун жоголгон 77 жаштагы аял изделүүдө

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, 31-август күнү Ак-Жар айылынын тургуну 1942-жылы туулган Шергазиева Б. аттуу аял дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу маалымат 17-сентябрь күнү ӨКМге келип  түшкөн.

Кечээ, издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен 18 куткаруучу тартылып,  издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 20:00дө токтотулган. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 19-сентябрь күнү  издөө иш-чаралары улантылат.