Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин эмнелерди талкуулаганы маалым болду

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Кыргызстан жана Россиянын эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Россиянын Президенти Владимир Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулууда — 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча товар айлантуунун өсүүсү 17 пайызды түзүп, 2019-жылы дагы өсүп жатат.

Ал Россиянын жана Кыргызстандын аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы дагы жакшы жагынан уланып жатканын кошумчалады.

Владимир Путин «Борбор-2019» биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык машыгуулар кандай болбосун күтүүсүз кырдаалдарга туруштук берүү учурунда, анын ичинде терроризм менен күрөшүүдө дагы өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн даярдыгынын абдан маанилүү баскычы болуп саналарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Ал өткөн машыгуулар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн сыймыктанса болорун айгинелеп турганын белгиледи. Эки өлкөнүн аскердик топтору эки жана көп тараптуу форматта активдүү кызматташып жатканын канааттануу менен баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Россиянын ишенимдүү союздашы жана өнөктөшү экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Россия Федерациясы менен кызматташтыктын бардык багыттары боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт караты атады.

Бөлүшүү