Жээнбеков менен Путин “Борбор-2019” аскердик машыгууларды биргелешип көрүштү (фоторепортаж)

Автор -
203

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгууларынын активдүү фазасына барды.

Оренбург шаарынын эл аралык аэропортунан Сооронбай Жээнбековду Оренбург облусунун губернатору Денис Паслер тосуп алды. Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков «Донгуз» машыгуу талаасына барып, ал жактан Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу тосуп алды.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Донгуз» машыгуу талаасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскер топторунун жана Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскердик түзүмдөрүнүн катышуусунда «Борбор-2019» аскердик машыгуулардын жүрүшүн алкагында биргелешкен практикалык иш-аракеттерин биргеликте көрүштү.

Чабуулга туруштук берүү, шарттуу каршылаштын күчтөрүнүн мизин кайтаруу, чабуулга өтүү жана душмандын башкы күчтөрүн талкалоо боюнча биргелешкен аракеттер көрүлдү.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана «Борбор-2019» машыгуусуна катышуучу өлкөлөрдүн аскер атташелери катышты.

Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин ошондой эле согуштук жана аскердик техникалардын көргөзмөсүн көрүштү.

Бөлүшүү