Казакстанда митингге чыккан 70тен ашык адам кармалды

Автор -

Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында 21-сентябрда өткөн нааразылык акцияларга катышкан 57 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

«Свобода» радиосунун маалыматына караганда, ал күнү Чымкент шаарында дагы 20га жакын киши кармалган.

ИИМдин расмий билдирүүсүндө «жарандар мыйзам бузганы үчүн кармалып, учурда аларды жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып жатканы» жазылган.

«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, бозгундагы банкир Мухтар Аблязов элди 21-сентябрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында өкмөткө каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар митинг өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен атайын уруксат алышы керек. Административдик кодексте уруксат берилбеген акцияларга катышуу үчүн 330 доллар өлчөмүндөгү айыппул же 15 суткага камакка алуу жазасы каралган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү