Улуттук банк «ЕАЭБге 5 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат

Автор -

Улуттук банк 24-сентябрдан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынан «Евразия экономикалык биримдигине 5 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Евразия Экономикалык Биримдигине 5 жыл» коллекциялык монетасы Евразия Экономикалык Биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган. Бул монета ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын эл аралык монета чыгаруу программасынын алкагында ишке ашырылган. 

ЕАЭБ расмий эмблемасы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн түстүү ыкмада берилген туулары менен бирге түшүрүлгөн «5» саны монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын сол тарабында мүчө мамлекеттердин улуттук белгилери чагылдырылып, тегерете «Евразия Экономикалык Биримдиги» деп жазылган. 

Монетанын арткы бетинде биригүүнүн символу катары жер шарынын элеси берилип, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук оюулары жана «5» саны түшүрүлгөн. Монетанын борборунда Кыргызстандын герби жайгаштырылган. Жогору жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деп жазылып, оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы (31,10g) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги болуп саналган сомдун графикалык белгиси баш тамга менен асты сызылып берилген. Белгинин астындагы сызык улуттук валютанын туруктуулугун билдирет. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019). 

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.  

Бөлүшүү