Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарылып кетти

Автор -

Ушул жылдын январь-июль айларында кыргызстандыктар 291,9 миллион доллар каражатты чет өлкөлөргө которуп кетишти. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Маалыматка таянсак, быйыл алгачкы жети ай аралыгында чет өлкөдөгү мигранттар Кыргызстанга 1,1 миллиард доллардын тегерегинде акча жөнөтүшкөн. Бул көрсөткүчтү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13,4% аз болгон.

Август жана сентябрь айларында кирген жана чыгарылып кеткен каражаттар эсептелип бүтө элек.

Улуттук банктын сайтындагы “Акча которуу” бөлүгүндөгү маалыматтарга ылайык, 2018-жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которушса, былтыр тескерисинче Кыргызстандан 542 миллион доллар чыгарылып кеткен.

Бөлүшүү