Армениянын мурдагы ИИМ башчысы атынып өлдү

Автор -

Армениянын мурдагы ички иштер министри Айк Арутюняндын сөөгү өз үйүндө табылды. Полиция анын башына ок тийгенин, баштапкы божомолдорго ылайык ал өзүн атып өлтүргөнүн билдирди.

Айк Арутюнан 2005-2008-жылдары полицияны, 2000-2014-жылдары Жаза аткаруу кызматын жетектеген. Ал «1-март иши» деген ат менен таанылган окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралып жаткан болчу. 2008-жылы 1-мартта Ереванда президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан митингчилер кууп таратылып, сегиз киши жана эки полиция кызматкери каза тапкан.

Мурдагы министрдин өлүмү фактысы боюнча «өз жанын кыюуга жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.