Кыргызстандык академик Сабырбек Жумабеков дүйнөнү дүңгүрөттү

Автор -
11468

Ушул жылдын  28-29 июнь күндөрү Москва шаарында 80 мамлекеттен 5000 киши катышкан чоң масштабдуу “Евразиялык Ортопеддер Форуму” болуп өттү. Аталган форумга Кыргызстандын атынан Академик, бүткүл дүйнөгө белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков катышты. Бул форумдун жүрүшүндө дүйнөлүк ортопеддер менен биргеликте операциялык жабдууларды, протездерди чыгарган жылдык   бюджети 60-62 миллиард долларды камтыган “DePuy Synthes” жана “ZIMMER BIOMET”  миллиардер компаниялары Академик Сабырбек Жумабековду медицинанын күзгүсү катары баалап, Лидер кылып алып чыгышты.

Ага ылайык  Сабырбек Жумабеков сыйлуу  “президиумдан” орун алды. Аны менен кошо президиумга Россиянын жана Франциянын академиктери олтурду. Иш чаранын жүрүшүндө Сабырбек Жумабеков “муундарды алмаштыруу” боюнча илимий секциясын окуп, дүйнөнү дүңгүрөттү. Сабырбек Жумабеков мындай ийгиликтүү ары сыймыктуу кадамы менен Кыргызстандын медицинадагы аброюн дүйнөлүк аренада даңазалады. Анын алкагында жогорудагы ири компаниялардын каржылоосу менен жарыкка чыгып, дүйнөгө тараган абройлуу  “Opinion Leader” (Лидер Мнений”) эл аралык журналы “Евразиялык Ортопеддер Форумун” утурлай, акыркы санын Академик Сабырбек Жумабековго арнады. Журналдын бул санында Сабырбек Жумабековдун эмгектери, ачылыштары камтылып, бүткүл дүйнөгө таратылды. Баса белгилеп кетсек, жогорудагы ири компаниялар чыгарган жабдууларды Сабырбек Жумабеков операцияларга колдонуп, бул компаниялардын престижин арттырып жатканы талашсыз. Мактана кетчү жагдай, кыргыз уулу бүткүл дүйнөлүк ортопеддердин Лидери болуп дайындалганы ар-бир кыргыз үчүн жагымдуу жаңылык эмеспи?

Арийне, Сабырбек Жумабеков дайыма адамдардын эртеңкисин ойлоого, өзүнүн топтолгон тажрыйбасын мамлекетке жумшоого умтулат. Сабырбек Жумабеков элине кылган  ак эмгеги менен калк арасына  кадыры  сиңип чыныгы элдик уул болууга жетише алды.  “Элим” – деген инсанга эл да  татыктуу баасын берип  “элдик уул” – дешип  урмат-сый менен мамиле  кылышат. Кайрымдуулук иштеринде да активдүүлүгүн көрсөтүп, канчалаган адамдарга акысыз операция жасап, өмүрлөрүн сактап элдин ак батасына арзып келет. Андыктан, эли журту  менен, барандуу жумуштарды аткарып жаткан эл уулуна  дем берүү максатында  жакшы  сөзүбүздү аябайлы дедик.

Булак:Де-Факто

Бөлүшүү