Депутат Эльвира Сурабалдиева Твиттердеги баракчасында Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсүнүн кыргызстандык таксист катышкан жол кырсыгы талкууланган чуулгандуу чыгарылышына карата пикирин жазды.
[ads-quote-center cite=’деп билдирди Сурабалдиева.’]«Малахов жөн гана бой көтөрүп тим болбостон, бүтүндөй улут тууралуу эң жаман кемсинткен сөздөрдү айтты, муну менен ал биздин өлкөнү мазактады»[/ads-quote-center]Ошондой эле, эл өкүлү Кыргызстан Россияны стратегиялык өнөктөш катары эсептей турганын, ал тургай орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп саналаарын баса белгиледи.
Сурабалдиева Малаховдун кыргызстандыктар жөнүндө айтканын шовинизмдин көрүнүшү катары эсептеди.
Малахов был не просто высокомерен, он в самом уничижительном варианте высказался про целую нацию, тем самым оскорбив нашу страну. И это говорит гражданин России, страны, которую мы считаем своим стратегическим партнером, и язык которой мы признали официальным языком КР. Шовинизм.
— Эльвира Сурабалдиева (@ElviraSur) September 25, 2019
24-сентябрь күнү Орусиянын «Россия 1» телеканалында белгилүү телеалпаруучу, шоумен Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимирдин жол кырсыгынан каза болгонуна арналды. Бул жол кырсыгына кыргызстандык Исламбек Акбаров аттуу таксист күнөөлөнүүдө.
Андрей Малахов кыргызстандык айдоочуну киши өлтүрүүдө айыптады (Видео)