Президент Канат Сагынбаевдин ишин көзөмөлгө алууга сөз берди (Видео)

Автор -
425

Камакка алынган мурдагы УКМК кызматкери Канат Сагынбаевдин туугандары кечээ Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдүн Покровка айылындагы эл менен жолугушуусуна катышты. Алар президентке кайрылып, Сагынбаевдин иши адилеттүү каралсын деп суранышты.

Көрсө, Жээнбеков Атамбаевдин жан сакчысы камалаганы жөнүндө  билген эмес экен. Президент Сагынбаевдин туугандарын телефон номурларын жазып алып, бул маселени көзөмөлгө алганын билдирди.

Сагынбаевдин тарапташтары сот анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, үй камагына бошотот деп үмүттөнүшкөн эле — Канаттын төрт баласы бар, ал эми жубай ден соолугунан улам иштей албайт. Бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту Сагынбаевди 8 октябрга чейин СИЗОдо камакта калтырды.

 

Бөлүшүү