Молдованын президенти Кыргызстанга келет

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуунун алкагында Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон менен жолугушту.

Эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Молдова менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирип, учурдагы эки тараптуу мамилелердин деңгээли өлкөлөр ортосундагы потенциалга жооп бербей тургандыгын белгиледи. Ал дагы бир ирет Кыргызстан жана Молдованын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүнүн маанисин баса белгиледи.

Ал мамлекет башчыларынын, парламенттердин жана өкмөттөрдүн деңгээлиндеги диалогду активдештирүүнү сунуштап, Игорь Додонду Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кыргыз тараптын айыл чарба продукцияларын Европа Союзунун рынокторуна жылдыруудагы Молдованын ийгиликтүү тажырыйбасын изилдөөгө кызыгуусун белгиледи.

Молдованын Президенти Игорь Додон дагы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу экономикалык мамилелерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча болгону 1,5 млн АКШ долларын түзүп, анча жогору эмес деңгээлде экенинин баса белгиледи,

Игорь Додон Молдова менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчөлүгү алкагында позитивдүү кызматташып жатканын, Молдованын интеграциялык биримдик менен жакындашуусу 2017-жылдын апрелинде дал Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынында башталганын, анда Молдовага ЕАЭБге байкоочу өлкө макамын берүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи.

Ал ЕАЭБге интеграциялоо боюнча Кыргызстандын тажырыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Игорь Додон Кыргызстанга расмий сапар менен келүү боюнча Сооронбай Жээнбековдун чакыруусун кабыл алды жана аны дагы Молдовага сапар менен келүүгө чакырды.

Бөлүшүү