Президент кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Автор -
313

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырман карыялар!

Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

»Карысы бардын ырысы бар«, „Карынын сөзүн капка сал“ деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.

Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.

Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү —  азыркы муундун милдети.

Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулат.

Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат.

Андыктан баарыбыздын алдыбызда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турат.

Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү.

Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар!

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!»

Бөлүшүү