Аламүдүн районунда жаӊы бала бакча ачылды

Автор -
287

Аламүдүн районунун Арчалы айылында 70 орундук заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Бала бакчаны ачуу салтанатына Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Төрөбай Зулпукаров, ардагерлер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Борбор калаанын босогосунда эле жайгашкан Арчалы айылында өмүрү бала-бакча болуп көрбөптүр. Ошондон улам да айыл тургундары үчүн бала бакчанын ачылышы болуп көрбөгөндөй чоң кубаныч болду.

Район боюнча быйылкы жылы эле 6 мектеп 3 бала бакча курулган. Ал эми айрыкча жаш үй-бүлөлөрдүн талабын канааттандыра турган бул бала бакчанын курулушун өзгөчө белгилеп кетүүгө арзыйт. Анткени, бул бала бакча бюджеттен бир дагы сом албай, мекенчил жаштардын демөөрчүлүгү, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жетекчилиги менен курулган.

Дагы бир айта кете турган жери бардык талаптарга жооп берген бала бакчанын курулушуна демөөчүлүк кылган ишкерлерге, эл депутатына айылдын ардагерлеринин ыраазычылыгы чексиз.

Ал эми энелердин тилеги мына ушундай  ынтымак менен тынчтыкка чакырган иштер көп болсо деген тилек болду.

Байтик айыл өкмөтүнүн аймагында ушул эле күнү дагы бир кубанычтуу окуя болду. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын «Ассанабил» кайрымдуулук фондусу Байгелди айылында мектеп, мечит жана ФАП салып берүү милдетин алууда.

Ошентип Байгелди айылындагы мектептин курулушунун башталышын белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттары, «Ассанабил» фондунун жетекчилери, ардагерлер менен бирге иш башы кылып, жакшы тилек-ниеттер менен капсула салышты.