Курмантай Абдиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор -

Жогорку Кеӊеш жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиевди ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу сунушуна макулдугун берди. Мыйзамга ылайык, КР Президенти ушундай сунуш киргизген. Депутаттарды мындай сунуш менен Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

КР Президентинин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, Курмантай Абдиев 2019-жылдын 1-октябрында 70 жашка толду. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон. Ага чейин Курмантай Абдиев прокуратура органдарында, сот тутумунда иштеген.

Белгилей кетсек, Курмантай Абдиев 2015-жылы Конституциялык палатанын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайлаган. Мыйзамга ылайык, судьялар үчүн жаш курагынын чеги – 70 жаш.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү