Кыргызстанда жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды

Автор -

Кыргызстандын  аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөө жүргөн жаран Москвадан аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын Красноярск крайынын тургуну, 1969-жылы туулган Ю.Н. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2,3-пунктарында (Кызматтык абалды пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭКККМКнын тергөөсүнөн жашырынып жүргөндүктөн издөөдө жүргөн.

«Аталган жаран, 2016-жылы апрель айында ЖЧКнын биринин директору болгон учурунда башка ЖЧК менен   нефтини ташуу боюнча жалпы суммасы 328 604 АКШ долларына келишим түзүп, андан соң   нефтини алгандан кийин ЖЧКнын директору Ю.Н. келишимдин шарттарын аткарбастан, жашырынып кеткен. Ал өзүнүн иш-аракети менен ЖЧКга жалпы суммасы 22 696 400 сомду түзгөн материалдык чыгым келтирген»
деп айтылат маалыматта.

Издөөгө алган тарап маалымдалып, 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык маселелер чечилип жатат.

Бөлүшүү