Роскомнадзор Орусияда «Фергана» маалымат агенттигине бөгөт койду. Басылма өлкөдө жайылтууга тыюу салынган маалыматтарды камтыган ресурстардын тизмесине киргизилди.
«Фергана» — Орусияда каттоого алынган, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуяларды баяндаган басылма. Редакция көзөмөл кызматынан эскертүү албаганын жана бөгөттөөнүн себептерин билбей турганын белгиледи.
Басылмага маал-маалы менен Борбор Азия өлкөлөрүндө да чектөө киргизилип келген. Учурда Орусиядан тышкары Түркмөнстанда да «Фергана» сайты бөгөттөлгөн.