Жаӊы γлкѳн оюн: эмне γчγн АКШ кытайдын Синьцзянындагы абалды туруксуз кылгысы келет

Автор -

Назарыңыздарга Stanradar сайтына жарыяланган «Жаны γлкѳн оюн: эмне γчγн АКШ кытайдын Синьцзянындагы абалды туруксуз кылгысы келет» деген макаланын кыскача котормосун сунуштайбыз. Биз бул материалды кызык деп тапканыбыздын себеби, анды Кытай менен анын коңшулары, алардын ичинде Кыргызстан ортосунда кастык жаратуу ыкмалары кѳрсѳтγлгѳн.

Жаны γлкѳн оюн: эмне γчγн АКШ кытайдын Синьцзянындагы абалды туруксуз кылгысы келет

2019-жылдын 9-февралында Тγркиянын тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында мекеменин маалымат катчысы Хами Аксайдын арызы жарыяланган. Анда ал кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу оаймагында жашаган «уйгур тγрктѳрγн» тγрмѳгѳ камап, кыйнагандыгы тууралуу айтылат.

«Кайсы бир ыры γчγн» сегиз жылга тγрмѳгѳ кесилген уйгурлардын «эл акыны Абдурахман Хейитти ѳлтγрдγңѳр» деп Хами Аксай кыйтай бийлигин кγнѳѳлѳп чыккан.

АКШда жашаган жигерчинин айтымында, «тγрк ѳкмѳтγ башка мусулмандарга жол ачып, Кытай бийлигине чоң басым жасай алат деген γмγт жаратат».

13-февралда тγрк демаршына жооп кылып, Пекин интернетке «ѳлгѳн» акындын видеокайрылуусун жарыялайт. «Мен – Абдурахим Хейит. Бγгγн, 2019-жылдын 10-февралы. Учурда мен мыйзам бузган деген шектенγγ менен суракка алынып жатам. Деним сак, мени эч ким эч качан кыйноого салган эмес».

Белгилей кетчγ нерсе, январь айында ѳкмѳткѳ караштуу Yeni Şafak тγрк басма сѳзγнγн журналисти Ибрагим Карагγл ѳзγнγн «Твиттерине», Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагындагы уйгурларды басмырлоо – Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) операциясы деп жазган. Бул твитти кѳп ѳтпѳй ѳчγрγп салышты, бирок, «Азаттык» радиосунун тγрк кызматы «Idel. Реалии» ал билдирγγнγн скриншотун жасап калган.

«Кѳп ѳтпѳй ал билдирγγнγ ѳчγрγп салышты, аны ачайын десең «баракча табылган жок» деген жазуу пайда болууда», – деп жазат «Idel.Реалии» сайты.

Карагγлдγн жоромолун Réseau Voltaire сайтынын негиздѳѳчγсγ, франция публицисти Тьерри Мейсан да колдоп чыккан. Ал ѳзγнγн «Кытайга басым жасоо γчγн БЧБ Тγркияны пайдаланууда» деген макаласында «акыркы апталарда тγрк басма сѳзγ уйгурлардын абалын кызуу талкууга алды… Кемалистерди менен кошо оппозициялык партиялар ханьдыктар уйгурларды репрессияга алып жатат деп, бири-биринен ашып ѳткγсγ бар», – деп жазган.

Тγрк басма сѳзγ баштаган кытайга каршы кампаниясынын алдына америкалык Jamestown Foundation-дун баяндамасы чыгып, анда 73 кытайлык жашыруун тγрмѳ, Вашингтондо орун алган Radio Free Asia порталындагы кытайдын тγрмѳлѳрγнѳ отуруп чыккан адамдардын интервьюлары жарыяланып, жада калса Кытайда Куранга тыюу салынган деп жазылган.

Батыш кѳптѳн бери эле Чыгыш Туркинстандагы оппозициялык ислам кыймылдарын колдоп келет (XVIII-кылымдын экинчи жарымынан баштап Синьцзян же кытай тилинен которгондо «жаңы чек ара»). «Чыгыш Туркистандын ислам кыймылы» (ETIM) менен «Чыгыш Туркистандын билим берγγ жана ынтымак ассоцияциясы» (ETESA) сыяктуу сепаратисттик уюмдар Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагынын эгемендγлγгγ γчγн жигердγγ кγрѳшγн 1990-жылдары баштаган, деп жазды индиялык Zee News журналы.

Орусиялык кытайтаанучу Юрий Тавровскийдин оюнча, кытайлык Синьцзяндагы абал 1990-жылдары Чечнядагы болгон окуяларга тγспѳлдѳш. Синьцзянда «стратегиялык жактан ѳтѳ маанилγγ аймактын абалын туруксуздандыруу стратегиясы иштелип чыгууда, баскынчылар менен мамиле тγзγлγγдѳ, террорист жана курал-жарактарды жеткирγγ жолдору изделγγдѳ, элдин ынтымагын бузуучу γгγт сѳздѳр айтылууда», – деп жазат Тавровский.

АКШ γчγн мунайга бай Венесуэлага кѳзѳмѳл кылуу ѳтѳ маанилγγ болсо, дγйнѳдѳгγ минералдык ресурстардын тѳттѳн γч бѳлγгγ жаткан уран сыяктуу кенге бай Синьцзянды КНРдан бѳлγп таштоо америкалыктар γчγн да ѳтѳ маанилγγ.

Миньцзян-Уйгур автономдуу аймагынын геостратегиялык мааниси тууралуу кѳп сѳз кылуунун кажети жок: бул КНРдин эң ири аймактык-административдик бирдиги, ал жерде 23 млн адам жашап, сегиз ѳлкѳ менен чектешет, алардын арасында мурдагы СССРдин γч ѳлкѳсγ – Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан бар, жана Орусия да кирет (орус-кытай чек арасынын батыш тарабындагы 45 чакырым жер).

XIX-кылымда Борбор Азиядагы экспансиясын баштап жаткан англис эли Чыгыш Туркистандын ролун баалаган Николай Пржевальскийдин сѳзγнѳн ката табышкан. Пржевальскийдин пикиринде «Кашгар империясы (Тγштγк Синьцзян – ред.) бир да тыйынга татыбайт». Орусиялык китайтаануучу окумуштуу Олег Зотов мынтип жазат, «Чыгыш Туркестан – дγйнѳлγк саясаттын маанилγγ фактору, себеби ал Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга катышуусу бар, ал Кытайдын маанилγγ (экономикалык жактан) ошондой эле эң аярлуу (стратегиялык жактан) провинциясы. Ооганстан менен Каспий бассейни Синьцзянга тикеден-тике таасир этет».

Кытайдан Синьцзяндын кен байлыктарын тартып алуудан тышкары, Каспий бассейниндеги мунай менен Казакстан да АКШнын кызыгуусун туудурат. «Ак-Тѳбѳдѳгγ мунай чыкчу жайлардын 60 пайызын Кытай сатып алып, Казакстандан тартып Синьцзяндын чордону Yрγмчγгѳ чейин тγтγк салып берген. Учурда АКШ Кытайды аскерлер менен «курчап» калуу планын ойлоп таап, андан тышкары алдамчы дипломаттык чагымдары менен да ѳлкѳнγ чырмоодо (deceptive surface of diplomatic negotiations)», – деп немецтердин аскер журналисти жана жазуучу Лутц Клевемандын «Жаны γлкѳн оюн: Борбор Азиядагы кан жана мунай» аттуу китебинен цитата келтирет Олег Зотов.

«Мунай тγндγктѳгγ чек арасына келишин каалайт Орусия, – дейт Лутц Клевеман. – Иран болсо тегеранды кѳздѳй, тγштγккѳ келишин каалайт. Ал эми Америка болсо, тγтγктѳр батышка, анын байыркы тарапташы Тγркияга, же болбосо чыгышка, анын аймактагы жаны тарапташы Ооганстанга кетишин каалайт».

XXI-кылымдын жаны γлкѳн оюнунда – дγйнѳлγк гегемония γчγн салгылашууда АКШнын негизги максаты Синьцзянды Кытайдан бѳлγп, же жок дегенде ал жерде хаос жайылтуу болуп эсептелинет. Тγркия сыяктуу башка ѳлкѳлѳр америкалыктардын басымы менен бул таймашка кошулганы менен, баш байге кимге тийбесин, аары бир женилип калат.

Булагы: Stanradar

Редакциянын атынан:

Чындап эле, америкалыктарды кооптондура туруучу нерсе бар. Кытай мындан ары да азыркыдай алдыга жыла берсе, дγйнѳнγн биринчи экономикасы болуп калат деген пикирге АКШдагы серепчилер да кошулат.

Мисалы, акыркы 25 жылдын ичинде Кытай Грузияга 600 миллион доллар инвестиция салган. Кытай компаниялары ал ѳлкѳдѳ 5 миң иш орундарын ачып берди. Fortune 500 тизмесине кирген China State Grid, Power China, CRCC, Huawei, Hualing Group сыяктуу 30га жакын кытайлык компаниялары Грузиянын энергетика, байланыш, каржы, соода, айыл чарба, туризм, токой чарбачылыгы жана ѳнѳр жайына инвестицияларын салып келет.

Мисалы грузиндердин «Хадори» ГЭСин кытайлыктар куруп берип, Грузия эгемендик алгандан тартып чет ѳлкѳлγк инвесторлор курулган биринчи электростанция болуп калды. Кытайлык компаниялар Грузияда 82,1 чакырым жол жана 40,6 чакырым темир жолун салып берди. China Railway 23rd Bureau Group Co. Ltd. компаниясы Тбилиси – батуми темир жолун оңдоо алкагында Грузиядагы эң узун тоннель салып берди. Hualing компаниясы спортчулар γчγ Олимпиялык айыл куруп, атайын «Тбилиси» экономикалык аймагын жана Кутаисиде эркин индустриялык аймагын куруп берди.

Дγйнѳдѳ Кытай менен соода-экономикалык алакасы болбогон бир да ѳлкѳ жок. Ошондуктан Кыргызстан Кытайды тγшγнγγгѳ аракет кылып, ал тγшγнγγнγ ѳлкѳбγздγн пайдасына иштетип калуу керек. Ал γчγн кытайлыктарга каршы жазылган макаланы окуп, кыжалат болбостон, эмне γчγн америкалык басма сѳздѳ кытай коркунучу тууралуу бир да макала жок деген суроону бериңиз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү