Орусиядан КМШга алты ай ичинде 6 млрд. долларга жакын акча которулду

Автор -

Орусиянын Борбордук банкы быйыл алты ай ичинде Орусиядан КМШ мамлекеттерине 5 миллиард 720 миллион доллар которулганын билдирди.

Акча которуу жагынан Борбор Азиянын үч мамлекети алдыда турат жана сап башына Өзбекстан чыккан. Ага ылайык, Орусиядан бул өлкөгө быйылкы жылдын биринчи кварталында 2 миллиард 800 миллион, экинчи кварталда 1,2 миллиард доллар которулган.

Экинчи орунда Тажикстан, үчүнчүдө Кыргызстан турат. Тажик мигранттары Орусиядан мекенине 1,1 миллиард, ал эми кыргызстандыктар 930 миллион доллар салган.

Ушул жылы жай айында «Western Union» төлөм системасы акча которууга чектөө киргизген. Ага ылайык, Орусиядан чет өлкөгө акча которгондо анын суммасы айына 600 доллардан ашпоого тийиш. Борбордук банк муну көмүскөдөгү акча операцияларына каршы чара катары негиздеген.

Бөлүшүү