Димаш Кудайбергендин жаӊы клиби күйөрмандарынын сынында калды (Видео)

Автор -

Казакстандын белгилүү ырчысы Димаш Кудайберген  жаңы клип чыгарды.

Ал «Знай» аттуу ырына Исландияда клип тарткан. Клипти тартканга украиналык Алан Бадоев режиссёрлук кылган.

Ыр Михаил Гуцериевдин сөзүнө жазылган. Ал эми обону белгилүү орусиялык композитор жана продюсер Игорь Крутойго таандык.

Клипти көрүүчүлөр ырдын мыкты экенин, бирок клип ага таптакыр дал келбестигин жазып, сындап чыгышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү