Ырчы Зере жаңы клип чыгарды (Видео)

Автор -
517

Ырчы Зере жаңы клип чыгарды. Анын «Сүйүнчү» аталышындагы ырына тартылган клипте өлкөнүн курч социалдык көйгөйлөрү көтөрүлгөн.

Ютуб каналга жүктөлгөн клип эки күндө 20 миӊден ашуун жолу көрүлгөн. Ырчынын күйөрмандары анын жаӊы чыгармасын алкышка алууда.

Ырдын тексти:

Сүйүнчү
Караңгы кирди эми айтсаң,
Сен күчүңдү кантип, каякка
колдонуп, короттуң айтсаң,
калтыра турган эмнең бар?

Караңгы кирди эми айтсаң,
Сен күчүңдү кантип, каякка
Колдонуп, короттуң айтсаң
Калтыра турган эмнең бар?

Эчтеке жок туура айтасың,
акырын ал угуп калбасын
Эртеңге чейин күтүп туралы да,
балким өзгөрүп калаттыр.

Сүйүнчү, сүйүнчү, сүйүнчү, сүйүнчү!
Сүйүнчү, сүйүнчү!
Сүйүнчү, сүйүнчү, сүйүнчү, сүйүнчү!
Сүйүнчү, сүйүнчү!

Сүйүнчүлөп кыйкырганыбыз,
эсиңдеби ал жаралганда
ага эмнени калтырабыз
Башыңды бурап бир кара.

Баары ошондой кандай болгондой
биз бир ойлонуп койбогондой
Эртеңге чейин күтпөй эле биз
Бүгүн баштайт окшойбуз.

Бөлүшүү