Жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
300

Эртеӊ,  4-октябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда, Чүй, Талас облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

4-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 20…22° болот.