«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов жана Руслан Матраимовдун бакча кызматкери Ооматбек Абдыкадыр уулуна жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковго шилтеме берип билдирди.
— «Азаттык» радиосунун оператору жабыр тартканы боюнча эч кандай белгилер жок» деген жыйынтык чыкты. Ал эми башына катуу нерсе түшүп кеткени айтылган жаран башынан жеңил жаракат алган. Кыска мөөнөткө ишке жарамдуулугу чектелген. Анын башына эмне түшкөнү аныктала элек. Ал арызында «башына сырттан катуу нерсе түшкөндүктөн жаракат алгам» деп жазган.
Сыдыков «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов арызында «баш мээм чайкалган болушу мүмкүн» деп көрсөткөнүн, бирок ал дарыгерлер тарабынан аныкталбаганын айтты. Денесинен жаракат алганы да байкалбаганын кошумчалады.