Кадамжайда карыялар күнүнө карата 5 үй-бүлөгө 12500 сомдук жардам көрсөтүлдү

Автор -

Кадамжай районунун Алыш айылындагы “Алыкулов Мансур” атындагы мечиттин имамы Бектемир Маматкаримовдун демилгеси менен  1-октябрь карылар күнүнө карата 5 үй-бүлөгө 2500 сомдук азык-түлүк алышып, жалпы 12500 сомдук жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ошондой эле  ар биринин үйүндөгү кээ бир жумуштарына мечит жааматтынын балдары жардамга кол сунушкан.