Трамп менен Зеленский жолугушту -эмнелерди талкуулады?

Автор -

Нью-Йоркто АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленский жолугушту. Бул эки өлкө лидерлеринин алгачкы кездешүүсү.

Жолугушуунун алдында Украина президенти коррупция менен күрөшүү, Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү жана өлкөнүн чыгышындагы жаңжалды токтотуу – башкы максат экенин билдирген. Зеленский Украинада коррупцияга каршы сот түзүлгөнүн кабарлаган.

Өз кезегинде Трамп Орусия Крымды АКШны Барак Обама жетектеп турганда аннексиялаганын эске салды. Президент Зеленскийдин коррупция менен күрөшүп жатканын кубаттады. Трамп АКШ Украинага учуучу курал жеткизе баштаганын да кошумчалады. Ал Обаманы убагында Киевге аскердик көмөк көрсөтпөгөнү үчүн сынга алды.

Трамп Орусия менен Украина башчылары кездешип, ортодогу маселелерди бирге талкуулайт деп үмүт артты. АКШ президентинин билдиришинче, мындай сүйлөшүү чоң жетишкендик болмок.

Зеленский Киев АКШнын ички маселесине кийлигишпей турганын, Украина да өзүнө карата ушундай эле мамилени талап кыларын белгиледи. Зеленский АКШга жардам эмес, колдоо сурап келгенин айтты.

Ал июнь айынын соңунда президенттердин телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу комментарий берип жатып, Трамп эч кандай кысым көрсөтпөгөнүн жана ага эч кандай убада бербегенин айтты. Ак үй шаршембиде Трамп менен Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүлөрүнүн стенограммасын жарыялаган.

Андагы жазууларга ылайык, Трамп сүйлөшүүдө Зеленскийди мурдагы президент Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөгө чакырган.

Коопсуздук кызматкери бул сүйлөшүү тууралуу маалымат бергенден кийин АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо демилгесин көтөрдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү