Ысык-Көлдө эки чабан кар көчкү алдында калды

Автор -
632

Тоң районунда 6-октябрда саат 14:30да Төрт-Көл айыл аймагынын Тоң ашуусунда мал-жандыктарын айдап бараткан 1976-жылы туулган М.Т. жана 1973-жылы туулган К.Н. аттуу 2 чабанды кар көчкү түшүп, басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Бактыга жараша алар өз алдынча көчкүнүн астынан чыгышып жардам сураган.

Жерине КР ӨКМнен 6 куткаруучу, тез жардам кызматы жана айыл аймагынан 7 адам тартылып, жабыркагандарды Тоң райондук ооруканага жеткирген.

Учурда абалдары канааттандырарлык, бутунан жана жамбашынан жаракат алышкан, ал эми мал-жандыктар жабыркаган эмес, аларды туугандары айылга айдап кетишкен.