Кундуз Жолдубаева: Атамбаевге каршы көрсөтмө алуу үчүн Кылычевге басым көрсөтүлгөн болушу мүмкүн

Автор -
272

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы ойдон чыгарылган көрсөтмө алуу үчүн Алга Кылычевге басым көрсөтүлгөн болушу мүмкүн. Бул туурасында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Вечерний Бишкек» сайтына билдирди.

«Мен Кылычев тергөө менен кызматташып жатканы тууралуу билбейм, бирок бизди беттештиргенде анын моралдык жактан чөгүп калганын байкадым. Ден соолугунан көйгөйү да бар -кант диабети менен жабыркайт. Андыктан, менимче, ага басым кылып, ойдон чыгарылган көрсөтмө алуулары мүмкүн»,
-деди Жолдубаева.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар жактоочу Замир Жоошевге шилтеме кылуу менен КСДП мүчөсү, Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев айрым партиялаштарына каршы көрсөтмө берип жатканын жазып чыккан эле.

«Ал Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алууга аракет кылган деген таризде сүйлөп жатыптыр. Ал КСДП мүчөсү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев,   Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бериптир. Алга Кылычевдин сөзү боюнча, бул адамдар массалык башаламандык уюштуруп, жоокерлерди туткунга алышкан», 
- деп билдирген Жоошев.

Ал эми, Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Кылычев менен Атамбаевди беттештирише  электигин билдирди.

 

Бөлүшүү