Орусияда кыргыз жарандары катышкан массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Автор -
239

Новосибирск шаарындагы базарда чыккан жапырт мушташ боюнча укук коргоо органдары тарабынан Россиянын Жазык кодексинин 213-беренеси («Бейбаштык») жана 163-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРнын Ички иштер министрлиги Россиядагы өкүлчүлүктүн маалыматына таянып белдирет.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге аталган кылмыш ишин ачууга багытталган тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин коё берилишкен. Ал эми 5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага жаткырылды.

Азыркы учурда, Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын кайда экендигин тактоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Орусияда кыргыз жарандары катышкан массалык мушташта, 4 адам каза болду (Видео)

Бөлүшүү