Икрамов: Арстан Алайдын билдирүүлөрүнө Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия чара көрүшү керек

Автор -

Бүгүн, 24-октябрь Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Арстан Алайдын билдирүүлөрүнө Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия тезинен чара көрүшү керек экенин билдирди.

««Мен Кудаймын» деп чыгып, «Кудай жок» деп басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Ушуга Дин иштери боюнча агенттик тез аранын ичинде чара көрүшү керек. Эмне үчүн даваатка тыюу салынат да, ушуга окшогон кишилерге чара көрүлбөйт?»
деди Икрамов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү