Көчөдө калган памирлик үй-бүлөгө Орусияда иштеген жигит үй белек кылды (Видео)

Автор -

Памирден келген үй-бүлөгө Орусияда иштеген мекендешибиз Кара-Балта шаарынан үй белек кылды. Анын видеосун Илгиз Шаменов аттуу фейсбук колдоонуучусу өз баракчасына жүктөгөн.

«Ассаламу алейкум туугандар, эске сала кетсем памирлик кыргыздарга жардам керек, көӊүл буруп койгула деп өкмөткө кайрылдым эле. Кудай буюруп кыргыз элибиз ар тараптан колдоо кылып, Рамазандын үй-бүлөсүнө акчалай жардам кылып, андан сырткары Кылыч деген бир тууганыбыз Орусияда иштеп, Рамазанга 20 мин доллардын тегерегинде турган үйдү Кара- Балта шаарынан белек кылды! Аллах ыраазы болсун»
деп жазган Илгиз Шаменов.

Буга чейин, Памирлик Рамазан Кыргызстанга көчүп келгенде мамлекет батирге акча төлөп берип күн көрүп келе жатышкан. Алар жашап жаткан үйдүн ээси үйдү сатып жибергенин айтып, бошотууну талап кылганда ал аргасыз өкмөттөн жардам сурап кайрылган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү