Кеминде күйөөсү мурдагы аялын мыкаачылык менен сабап, зордуктады (фото)

Автор -

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда Тимур аттуу жаран мурдагы аялын мыкаачылык менен сабап, зордуктаган. Бул тууралуу маалымат интернет тармагына жарыяланды.

“Менин сиңдим Токмок шаарында жашайт. Ал 4 жыл мурун күйөөсү менен ажырашып кеткен. Ошол күнү күйөөсү Тимур Т. сиңдимди алдап көчөгө чакырып, күчкө салып унаасына отургузуп, Кеминге алып барып сабап, зордуктаган. Синдим Тимур Т. уктап калгандан кийин качып кеткен. Тимур Т. Кеминдин милиция бөлүмүнүн жетекчиси Азиз  менен тааныш болгондуктан, аны камакка албай жатышат”
деп билдирген автор.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы аталган маалыматты текшерүүгө алганын билдирди.

Алардын айтымына караганда, учурда Тимур Т. аттуу жаран сурак берүү үчүн Кемин ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү