Казакстанда катталган жер титирөө Ысык-Көлдө сезилди

Автор -

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-октябрь күнү саат 03:49да Казакстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Шаты, Түп жана Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү